БУРГУЛОО КОРОНКАСЫ
БУРГУЛОО КОРОНКАСЫ – тоо-тектерди бургулоодо, бургулоочу аспаптардын (колонкалык жана башкалар) учуна атайын катуу куймалардан даярдалып кийгизилген элемент. Бургулоодогу максаттарга, бургулоочу станоктордун тибине жана башка жагдайларга жараша шакекче, шарошка, жумуру кескичтер түрүндө, миздерине катуу куймалар же алмаз бүртүкчөлөрү ширетилип, өлчөмдөрү ар башкача даярдалат.