БУРУЛЧА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:33, 21 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРУЛЧА Осмонбек кызы (1840, азыркы Ысык-Көл району, Өрүктү айылы – 1916, Каркыранын белинде) – темир ооз комузчу. Атасы чоӊ мүнүшкөр, энеси ооз комузчу, кошокчу болгон. Эл оозунда калган сөздөргө караганда Бурулча темир комуз кагуу менен гана чектелбестен, ырчы, өтө шайыр, оюн-зоок уюштурууга шыктуу болгон. Темир ооз комузда «Турумтай», «Булбул», «Тактеке», «Керметоо» сыяктуу күүлөрдү чебер аткарган. Өзү «Бурулчанын селкинчек», «Кош кайрык», «Бурулчанын ой селки» сыяктуу күүлөрдү чыгарган. Бул күүлөрдү К. Орозов, Ы. Туманов жана башкалар комуз үчүн иштеп чыгышкан.