ВАРНАВСКИХ Тамара Александровна

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 21 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page ВАРНАВСКИХ to ВАРНАВСКИХ Тамара Александровна) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАРНАВСКИ́Х Тамара Александровна (15. 8. 1923, Россия, Куйбышев шаары – 26. 1. 1995, Бишкек) – драма артисти, Кыргыз ССР эл артисти (1976). 1946-жылы Куйбышев драма театрынын алдындагы студияны бүткөн. 1953-жылдан Фрунзедеги Н. К. Крупская атындагы (азыркы Ч. Айтматов атындагы) орус драма театрында актёр, бир эле убакта Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда педагог болуп иштеген. Театрда Варнавских эсте каларлык образдарды

М. Горькийдин «Мещандар» драмасынан көрүнүш,
Еленанын ролунда Т. Варнавских.

жараткан. 32 жылдык чыгармачылык ишинде дүйнөлүк белгилүү драматургдардын пьесаларынан 100гө жакын роль аткарган: Варя (А. Островский, «Жапайы»), Саадат (Р. Шүкүрбеков, «Өрөөндөгү жарык»), Елена Кольцова (А. П. Тур, «Атайын элчи»), Шайгүл (Т. Абдумомунов, «Абийир кечирбейт»), Кадича (Ч. Айтматов, «Кызыл жоолук жалжалым»), Катарина (В. Гюго, «Анжело»), Бела (М. Бараташвили, «Ийнелик»), Надежда (М. Горький, «Наадандар») жана башкалар. Медалдар менен сыйланган.
Э. Турдубекова