ВАСНЕЦОВ Виктор Михайлович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:23, 21 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page ВАСНЕЦОВ to ВАСНЕЦОВ Виктор Михайлович) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАСНЕЦО́В Виктор Михайлович [3 (15). 5. 1848, Вятск губерниясы, Лопьял кыштагы – 23.7.1926, Москва шаары] – орус сүрөтчү-живописчиси, архитектор. И. Н. Крамскойдон (1867–1868), Петербург көркөм сүрөт академиясынан (1868–1875) таалим алган. 1893-жылы Академиянын анык мүчөлүгүнө шайланган. 1878-жылдан Москвада жашаган. Русь көркөм өнөрүн кайра жаратуу коомун уюштуруучулардын (1915) бири. Алгачкы чыгармаларында («Тилемчилик», 1876; «Согуштук телеграмма», 1878, Третьяков галереясы) өз доорунун типтүү көрүнүштөрүн чагылдырган. 1880-жылдары орус тарыхына, элдик былиналар менен жомокторго арналган чыгармалар жараткан.
«Алёнушка» (1881), «Карышкыр минген ханзаада Иван» (1889), «Баатырлар» (1881–1898), «Падыша Иван Васильевич Грозный» (1897) жана башка эпикалык мүнөздөгү чыгармаларында эл эӊсеген идеалдар менен ыйык патриоттук сезимдерди поэтикалык формада берген. В. Васнецов Москвада тарых музейи үчүн «Таш доору» (1883–1885) аттуу монументтүү панно жасаган. Элдик жомок темасында иштөөнү улантып, «Добрыня Никитичтин жети баштуу Ажыдаар Горыныч менен кармашы» (1918), «Өлбөс Кощей» (1917–1926) деген чыгармаларды жараткан. В. М. Васнецов портретчи катары да белгилүү. Москвада анын үй-музейи бар (1986).

В. М. Васнецов. «Баатырлар». Мамлекеттик орус музейи.


Ад.: Моргунов Н., Моргунова-Рудницкая Н. В. М. Васнецов. М., 1962.