ЖОЛИО-КЮРИ Фредерик

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:27, 21 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОЛИО́-КЮРИ Фредерик (19. 3. 1900, Париж – 14. 8. 1958, ошол жер) – француз физиги, коом­дук ишмер. СССР ИАнын чет элдик мүчөсү (1949;


корреспендент-мүчө, 1947). 1923-жылы физика ж-а колдонмо химия мектебин бүтүрүп, М. Скло­довская-Кюринин лабор­аториясында иштеген. 1937-жылы улуттук илим-изилдөө борборунда атомдук синтез боюнча лабор­аторияны башкарган. 1946–50-жылдарда Францияда атом энергиясы боюнча комиссариатты түзүү ж-а башкаруу ишине жетек­чилик кылган. 1956-жылдан Орск шаарындагы ра­дий институнун лабориясын ж-а ядролук физика институтун башкарган. 1928-жылдан Жолио-Кюри атом ядросунун физикасы боюнча иштеген. 1934-жылы жу­байы Ирен Жолио-Кюри м-н бирге радиоак­тивдүүлүктүн жаңы түрүн – позитрондук радио­активдүүлүктү ачкан. Тынчтыктын бүткүл дүй­нөлүк советинин төрагасы (1950–58). Жолио-Кюри «Эл­дердин ортосунда тынчтыкты чыңдагандыгы үчүн» Эл аралык Лениндик сыйллыктын лауреаты (1951).

Ад.: Фредерик Жолио-Кюри – выдающийся учёный, пламенный борец за мир // «Успехи физических наук». 1950. Т. 41, Вып. 3; Шаскольская М. П. Жо­лио-Кюри. М., 1966.