ВЕРТОВ Дзига, Денис Аркадьевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:48, 21 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page ВЕРТОВ to ВЕРТОВ Дзига, Денис Аркадьевич) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЕ́РТОВ Дзига, Денис Аркадьевич [чын аты-жөнү – Давид Абелевич Кауфман, 21. 12. 1895 (2.1.1896), Белосток, Польша – 12. 2. 1954, Москва] – кинорежиссёр, сценарист, даректүү киного негиз салгандардан.

Д. Вертовдун «Кино-көз» фильмине плакат-афиша. Сүрөтчү А. М. Родченко.

Граждандык согуштун материалдары боюнча «Революциянын жылдыгы» (1919), «ВЦИК үгүт поезди» (1921), «Граждандык согуштун тарыхы» (1922) тасмаларын жараткан. Вертов негиздеген «Киноправда» тематикалык даректүү киножурнал 1922–1925-жылдарда чыгып турган. Вертовдун негизги даректүү тасмалары: «Кадам шилте, Совет!» (1926), «Дүйнөнүн алтынчы бөлүгү» (1926), «Энтузиазм» (1930), «Ленин тууралуу үч ыр» (1934) жана башкалар. Ал даректүү кинонун теориялык маселелерин да иштеп чыккан. «Кызыл Жылдыз» ордени менен сыйланган (1935).


Ад.: Абрамов Н. П. Дзига Вертов. М., 1962.