ВИБРАФОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:54, 21 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИБРАФО́Н (латынча vibro – термелем) – урма музыкалык аспап‚ металлофондун бир түрү. XX кылымдын ба­шында ойлоп табылган. Фортепианонун кла­вишалары сыяктуу эки катар жайгашкан ар-түрдүү узундуктагы металл пластинкалардан турат.


Аткаруучу учу кебез же резина таякча­лар менен пластинкаларды ургулап ойнойт. Вибрафондон жумшак‚ термелген өзгөчө добуш чыгат. Ал ор­кестрде, кээде жеке да ойнолот.