ВИДЕО ЖАЗУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:02, 21 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page ВИДЕОЖАЗУУ to ВИДЕО ЖАЗУУ) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИДЕО ЖАЗУУ (видео... жана жазуу) – сү­рөттөлүштү, радиолокациялык жана башка сигналдар­ды видео магнитофондун жардамы менен телеви­зордун экранынан, компьютердин мониторунан кайрадан көрсөтүү үчүн магнит тасмасына же кинопленкага жазып алуу. Сигналдар дискке термопластикалык жана механикалык ыкма менен жазы­лат. Телекөрсөтүүдөгү видео жазуу – даректүү жана көркөм программаларды көпкө сактоонун негизги жол­дорунун бири. Сигналдарды киноплёнкага жа­зып, ал плёнканы өңүнө чыгарып, көбөйтүп басып чыгарганга жана монтаждаганга караган­да видеомагнитофонго видеожазуу программадагы берүү­лөрдү бүтүндөй же анын айрым бөлүгүн көрсө­түүгө мүмкүндүк берет. Магниттик плёнкадагы жазылган сүрөттөлүштөрдү бир нече жолу өчүрүп, кайрадан жаңы сигналдарды жазууга болот. Видео жазуу спектри телеберүүлөр системасында 50 Гц— 6,5 МГц, фототелеграфтык түзүлүштө 80 Гц— 6 кГц, радиолокациялык системаларда 50 Гц — 10 Мгц.