ВИДЕО ТАСМА
ВИДЕО ТАСМА́ЛЬМ – видеомагнит тасмасына жазылган фильм. Телекөрсөтүүдө 1970-жылдарда пайда болгон. Видеотасма жанры ар түрдүү: көркөм, илимий-популярдуу, даректүү-публицистикалык, хроникалуу жана башка тасмалар. Телеэкрандын келечеги видеотасманын өнүгүшүнө байланыштуу. Кино тасмаларга салыштырганда видео тасма эстетикалык, технологиялык өндүрүш аспектисинде (көп камералуу тартуу ыкмасы, электрондук монтаж, ар түрдүү татаал кадрлар көп кайталанган жазууну пайдалануу үчүн колдонулган магнит плёнкасы жана башка) айырмачылыктар бар.