ВИДУГИРИС Альгимантас-Станисловас Стасевич
ВИДУГИРИ́С Альгимантас-Cтанисловас Cтасевич (21.6.1936-жылы туулган‚ Литва CCРи, Каунас) – кинорежиссёр‚ Кыргыз CCРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1974), Кыргыз CCР эл артисти (1983). Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун (ВГИК) бүтүргөн (1962).

Чыгармачылык иштери «Кыргызфильм» студиясы менен байланыштуу. Анын «Кумдагы сепилдер» тасмасы (1968) Орто Азия жана Казакстан кинематографисттеринин кароосунда 1-даражадагы дипломго (Фрунзе‚ 1968)‚ кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалынын сыйлыгына (Тампер‚ 1970) жана башкаларга татыктуу болгон. Токтогул ГЭCинин курулушу жөнүндө «Нарын күндөлүгү» даректүү тасмасы (1971) 3-эл аралык кинофестивалда Гран-при сыйлыгына татыган (Франция‚ 1974). «Көз айнекчен» түстүү көркөм телетасмасы (1973)‚ «Бул кырсык эмес» (1970)‚ «Адам‚ дөңгөлөк жана чынар жөнүндө жомок» (1974)‚ «Тынчы жок күн жылы» (1977) жана башка тасмалары белгилүү.
