ВИТРУВИЙ Рим архитектору

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:10, 21 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page ВИТРУВИЙ to ВИТРУВИЙ Рим архитектору) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВИТРУ́ВИЙ (Vitruvius) – биздин заманга чейинки Рим архитек­тору жана инженер. «Архитектура тууралуу он китеп» аттуу байыркы архитектуралык трактаттын автору (китеп биздин күнгө чейин сакталган). Китепте шаар куруу, инженер-техника жана сүрөт масе­лелери каралып, грек жана рим эллиндик зод­чийлигинин тажрыйбасы жалпыланган. Арх­итектуранын технологиясы жана эстетикалык аспектилери ар­кылуу «бышык, пайдалуу жана кооз» имараттар­ды куруу талабы келтирилген. Витрувийдин трактаты XV кылымда кунт коюп үйрөнүлгөн жана XVII–XVIII кылымдагы архитектуралык ордерлердин канондук формасын иш­теп чыгууда маанилүү роль ойногон.