ВОЛЫНКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:26, 21 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВОЛЫ́НКА – үйлөмө музыкалык аспап. Ал бир нече түтүкчөдөн турат. Жел толтурулган тери мүшөк­чөгө боорлорунда көзөнөкчөлөрү бар эки же үч түтүкчө уланат. Волынка дүйнө элдерине ар кандай аталыштарда кеңири тараган: орустарда, укра­индерде, беларустарда дуда, молдавандарда чим­пой, армяндарда тик, грузиндерде гудаствири, азербайжандарда тулум, чуваштарда шапар же сарнай, болгарларда гайда, француздарда кор­немюз жана башкалар. Шотландиялыктарда, аскер оркестр­леринде колдонулат.

Моравиялык во­лынкачы.