ЖООН-ДӨБӨ (Кара-Буура районун­дагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:51, 22 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ЖООН-ДӨБӨ to ЖООН-ДӨБӨ (Кара-Буура районун­дагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖООН-ДӨБӨ – Талас облусунун Кара-Буура районун­дагы кыштак. Ак-Чий айыл округуна караш­туу. Тараз – Талас автомобиль жолунун боюн­да, деңиз деңгээлинен 895 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Адыр кыштагынан 3 км түштүк-батыш тарапта. Маймак темир жол бекетинен 13 км. Кыштак 1931-жылы негизделген. Калкы 2298 (2022); негизинен мал чарбасы м-н алектенет. Орто мектеп, оорукана, кесиптик-техникалык окуу жайы, клуб, китепкана бар. Турмуш-тиричилик жактан кызмат көрсөтүү, соода түйүндөрү, поч­та бөлүмү, тамактануу жайлары иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эс­телик тургузулган. Кыштакка жакын жерде 5– 12-кылымдарга таандык шаар чалдыбарынын калдыгы сакталган.