ЖООН-ДӨБӨ шаар калдыгы
ЖООН-ДӨБӨ – б. з. 6–12-кылымдарына таандык шаар калдыгы. Кыргызстан м-н Казакстандын чек арасына жакын, Талас – Жамбыл автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Татаал түзүлүштүү, узун коргондуу шаарлардын түрүнө кирет. Айыл чарба жумуштарынын натыйжасында шаардын алгачкы аянтын аныктоо мүмкүн эмес, бирок урандыларынын ээлеген ордуна караганда шаар чоң болгон. Археологиялык казууда турак жайлардын ж-а коргонуу курулуштарынын калдыктары, карапа идиштер, темир буюмдар, асем буюмдар табылган. Шаар негизинен моңгол жапырыгынан талкаланган, айрым жерлери жер айдоо, сугаруу иштеринин натыйжасында бүлүнүүгө учураган. 1960-жылы археолог П. Н. Кожемяко изилдеген.