ЖОРОБЕКОВ Жолборс

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:21, 22 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ЖОРОБЕКОВ to ЖОРОБЕКОВ Жолборс) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОРОБЕКОВ Жолборс (15. 10. 1948-жылы туулган, Ош облусу, Ноокат району, Жал айылы) – саясат таануу­чу, саясат таануу илимдеринин доктору (1997), профессор (2000). 1974-жылы КМУну бүткөн. 1967–69-жылдарда

М. В. Фрунзе атындагы айыл чарба ма­шиналарын куруу заводунда жумушчу, 1974–81-жылдарда Кыр­гыз ССР ИАнын тарых ин­ститутунда кенже илимий кызмат­кер, СССР ИАнын этногра­фия институтунда стажёр, 1981–93-жылдарда орус тили ж-а адабияты институтунда (азыркы БГУ) окутуучу, улук оку­туучу, доцент, 1993–95-жылдарда Ош облустук мамлекеттик администра­циясында аналитикалык борбордун башчысы, 1999–2002-жылдарда дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия­нын төрагасы, 2002–05-жылдарда юридикалык академияда профессор, 2005–06-жылдарда БГУнун ректору, 2006–07-жылдарда КРдин дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин ди­ректору, 2007-жылдан Ж. Баласагын атындагы КУУнун эл аралык билим берүүнү интеграциялоо институтунда директордун орун басары. КР ЖКнын мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты (1995– 99). 100дөн ашуун илимий эмгектин (анын ичинде 5 моногра­фия) автору.

Эмг.: Демография жана демографиялык саясат. Ф., 1990; Этнодемографиялык процесстер. Ош., 1994. Этнодемографические процессы в Кыргызстане. Ош, 1995.