ЖОРОБЕКОВА Арзыгүл

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 22 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ЖОРОБЕКОВА 1 to ЖОРОБЕКОВА Арзыгүл) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОРОБЕКОВА Арзыгүл Мамаюнусовна [19. 5. 1968-жылы туулган, Ош облусу, Жаңы-Жол району, Караван айылы (азыркы Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кербен шаары)] – юрист, юридика илимдеринин доктору (2008). 1991-жылы СССР ИИМдин Рязань жогорку мектебин бүтүргөн. 2001–08-жылдарда КР ИИМдин Бишкек жогорку мектебинде кылмыш укугу, кримонология ж-а алдын алуу кызматы кафед­расынын доценти, 2008-жылдан КР ИИМдин Э. Алиев атындагы академиясында начальниктин орун басары. 100дөй ил. эмгектин (анын ичинде 3 моно­графия, 1 окуу китеби) автору. II даражадагы «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн» медалы м-н сыйланган.

Эмг.: Уголовно-правовые средства защиты личности несовершеннолетних. Б., 2002; Проблемы совершен­ствования мер борьбы с преступностью несовершен­нолетних. Б., 2006.