ЖОУЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:45, 22 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖО́УЛЬ (Джоуль) Жеймс Прескотт (24. 12. 1818, Ланкашир, Солфорд – 11. 10. 1889, Чешир, Сейл) – англиялык физик, Лондон король коомунун мүчөсү (1850). Электр-магнетизм м-н жылуулук кубу­луштарын изилдөө, төмөнкү температураралар физи­касын калыптандыруу, энергиянын сакталуу законун далилдөө боюнча белгилүү салым кошкон. Өз ысмы м-н аталган Жоуль-Ленц законун, Жоуль-Томсон эффектисин ачкан. Ферромагне­тиктердин магниттелүү кезиндеги магниттик ка­ныгуу кубулушун биринчилерден болуп байка­ган.