ЖОУЛЬ ЗАКОНУ
ЖОУЛЬ ЗАКОНУ́УЗАКОНУОУ– массасы белгилүү идеалдык газдын ички энергиясы анын көлөмүнө эмес температурасына гана көз карандылыгы жөнүндөгү закон. Жоуль закону идеалдык газдын кинетикалык теориясынын көз карашынан келип чыгат: молекулалардын өз ара аракеттенишүүсү болбойт (өз ара аракеттенишүүнүн потенциалдык энергиясы нөлгө барабар), ошондуктан молекулалардын арасындагы аралыктын өзгөрүшү (көлөмдүн өзгөрүшү) ички энергияны өзгөртпөйт. Бул законду англиялык физик Ж. П. Жоуль (Джоуль) аныктаган (1834).