ЖУВЕЙНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:17, 23 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУВЕЙНИ А л а а д - Д и н А т а М а л и к и б н Б е х а М у х а м м е д (болжолу 1226–30, Хорасан – 6. 3. 1283, өлгөн жылы белгисиз) – фарсы тарых­чысы, мамлекеттик ишмер. Жувейнинин аталары сельжук­тардын, Хорезм шахтын ж-а Чыңгызхандын уулдарынын тушунда мамлекеттик жогорку кызмат­тарды аткарышкан. Өзү Хорасан, Мазендаран­ды бийлеген Аргун хандын катчысы болуп (1246–65), Хулагунун тушунда Багдадды, Абак хандын тушунда Иракты башкарууга жетиш­кен. Ал 13-кылымдын 50–60-жылдарында – «Тарых­и жахангушай» («Дүйнөнү жеңип алуунун та­рыхы») аталган көлөмдүү эмгек жазып, анда көптөгөн тарыхый даректерге таянуу м-н Иран­ды бийлегендер, Хорезм шахтары ж-а Чыңгыз­хандын тукумунун тарыхын баяндаган. Ошондой эле Орто Азиядагы Сыр-Дарыя, Жети-Суу аймагын ж-а ал жерлерге тийиштүү Жент, Баласагун, Кая­лык, Алмалык шаарлары жөнүндө баалуу маалымат­тарды берген.

Ад.: Материалы по истории туркмен и Туркмении. М.; Л., 1939. Т. 1. Бартольд В. В., Джувейни. Соч. Т. 8. М., 1973. Т. Жуманалиев.