ЖУГЖУР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 23 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУГЖУР – Ыраакы Чыгыштагы кырка тоо. Россия­нын Хабаров крайында. Охота деңизинин түндүк- батыш жээгин бойлой 700 кмге созулуп жатат. Алдан дарыясы м-н Охота деңизинин алаптарынын суу бөлгүчү. Эң бийик жери 1906 м (Топко чоку­су). Негизинен магма, бир аз чөкмө тектерден турат. Орто бийик тоо рельефи мүнөздүү. Көп жылдык тоң кыртышы бар. Батыш капталын даурия кызыл карагайлуу, чыгышын аян кара­гайлуу тайга ээлейт; бийик беттерде жапалак кедр өсөт.