ЖУГУШТУУ ЫЛАҢДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:35, 23 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУГУШТУУ ЫЛАҢДАР эволюциянын тааси­ри м-н жаныбарлардын организминде мителик кылууга жөндөмдүү болгон патогендүү микро­организмдерден пайда болот. Алар ылаңдаган малдан соо малга, кишиге жугууга жөндөмдүү, өсүп-өнүгүүсү бир канча баскычта өтөт, макроор­ганизмде спецификалык реакцияларды (анти­телолорду, аллергияны) пайда кылат, көпчүлүк учурда иммунитетти пайда кылуучу касиетке ээ. Жугуштуу ылаңдардын бир тобу жаныбардан адамга жугат. Жугуштуу ылаңдарда жаныбарлардын продукттуулугу төмөн­дөйт, өлүмгө учурайт, алардын алдын алуу ж-а дарылоо үчүн бир кыйла каражат зарп кылы­нып, экономикалык чоң зыянга дуушар кылат. Жугуштуу ылаңдар жапайы ж-а айыл чарба жаныбарын жабыркатат. Би­рок, чарбалык, экономикалык шарттардын көп кырдуу­лугуна ж-а климатка байланыштуу бардык жерде бирдей кездешпейт. Жугуштуу ылаңдарга эпизоотиялык про­цесс таандык. Жугуштуу ыландардын пайда болушунун, өнүгүшүнүн, таралышынын бир топ себеби бар. Аларга тукум куугучтук, жаныбарлардын жа­шы, тукуму ж-а организминин жалпы абалы кирет. Жугуштуу ылаңдарды изилдөөнү ж-а ага каршы кү­рөшүүнү жеңилдетүүчү 10дон ашык классифика­циясы бар. Жугуштуу ылаңдар клиникалык белгилеринин өнү­гүүсү боюнча бир канча түрдө өтөт: өтө тез, курч, жетилген, улаарган (создуккан, өнөкөт). Жугуштуу ылаңдардын диагнозу эпизоотологиялык, пата­натомиялык, гистологиялык, бактериологиялык., вирусолологиялык , иммунологиялык. комплекстүү изилдөөлөрдүн негизинде коюлат.

Д. Раимбеков.