ЖУКОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 23 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУ́КОВ Георгий Константинович [10. 11(1. 12).

1896, РФ, Калуга облусу, Угодск-Завод (азыркы Жуков) району, Стрелковка айылы – 18. 6. 1974, Москва] – Советтер Союзунун Маршалы (1943), 4 жол­ку Советтер Союзунун Баатыры (1939, 1944, 1945, 1956). МЭРдин Баатыры (1969). 1-дүйнөлүк согуштун (1914–18) каты­шуучусу. Аскер курстарын бүтүргөн (1920, 1925). 1939-жылы япон аскерлерин Халхин-Гол дарыясында (Моңголия) тал­калоого жетекчилик кыл­ган. Улуу Ата Мекендик со­гуш мезгилинде Резервдик, Ленинград, Батыш, 1-Ук­раин ж-а 1-Белорус фронтторунун аскерлерине командачылык кылган. 1940-жылдан Киев өзгөчө аскер округунун командачысы, 1941- жылдын январынан СССР коргоо эл комисса­рынын орун басары – Генштабдын начальни­ги, 1941-жылдын июнунан армиянын генералы, 1942-жылдын августунан СССР коргоо эл комис­сарынын биринчи орун басары ж-а Жогорку Башкы командачынын орун басары. Немис ас­керлерин Сталинграддын жанында талкалоодо (1942), Ленинград блогун бузуп өтүүдө (1943), душманды Курск салгылашында кыйратууда (1943) фронт аракеттерин жөнгө салып турган. Оң жээк Украинаны бошотуу операциясынын жетекчиси. 1944–45-жылдарда 1-Белорус фронтунун ас­керлерине командачылык кылып, 1-Украин ж-а 2-Белорус фронтторунун аскерлери м-н бирге Висла-Одер операциясын жүзөгө ашырган, гер­маниялык аскерлердин Берлин тобун талкала­ган ж-а Берлинди алууга катышкан. 1945-жылы 8- майда Карлсхорстто (Берлин) жеңилген Герма­ниянын кыңк этпей баш ийишин кабыл алган. 1945–46-жылдарда советтик аскерлердин Германиядагы то­бунун башкы командачысы ж-а советтик аскердик администрациянын башчысы, 1946–53-жылдарда Одесса ж-а Урал аскер округдарынын командачысы, 1953–55-жылдарда СССР коргоо министринин 1-орун ба­сары, 1955–57-жылдарда СССР коргоо министри болуп иштеген. СССР Жогорку Советинин (1–4-шайланышынын) депутаты. 6 Ленин, Октябрь Революциясы, 2 "Жеңиш" , 3 Кызыл Туу, 1--2-даражадагы Суворов ордендери, чет өлкөлүк 20 орден ж-а медалдар м-н сыйланган. Калуга облусундагы Угодск- Завод району ж-а анын борбору, аба чабуулунан коргонуунун командалык аскер академиясы, Москва, Ленинград, Киев, Краснодон шаарларындагы бирден көчө Жуковдун ысмынан аталган.

Чыг.: Воспоминания и размышления. 13-е изд. Т. 1–2. М., 1969.

Ад.: Яковлев Н. Н. Маршал Жуков. 2-е изд. М., 1995.