ЖУМАБАЕВ Калил
ЖУМАБАЕВ Калил (15. 5 1953-жылы туулган‚ Чүй облусу‚ Панфилов району‚ Орто-Арык айылы) – экономика илимдеринин доктору (2006)‚ финансы-кредит маселелери боюнча адис‚ окумуштуу зоотехник. КАЧИни (1975)‚ КМУну (1999) бүткөн. Панфилов районундагы совхоздо башкы зоотехник‚ КРдин айыл ж-а суу чарба министрлигинде экономист‚ тышкы экономикалык байланыштар‚ мал чарбачылыгы боюнча башкы башкармалыктын башчысы, Чүй облустук мамлекеттик администрациясында бөлүм башчы‚ Cокулук райондук мамлекеттик администрациясында акимдин орун басары‚ КРдин финансы министрлигинде бөлүм башчы‚ КРдин Премьер-министринин аппаратында сектор башчы‚ 2000- жылдан КРдин улуттук статистика комитетинде төраганын орун басары. 60тан ашуун илимий эмгеги‚ анын ичинде 15 монографиясы жарык көргөн.
Эмг.: Экономические проблемы‚ пути развития агропромышленного комплекса и продовольственного рынка в Кыргызстане. Б.‚ 2002; Проблемы развития продовольственного рынка. Алматы‚ 2004; Cельское хозяйство и экология. Б.‚ 2003.