ЖУМАБАЕВ Ташмамат

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:30, 23 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ЖУМАБАЕВ 7 to ЖУМАБАЕВ Ташмамат) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАБАЕВ Ташмамат (24. 8. 1924-жылы туулган, Ош) – Советтер Союзунун Баатыры (1943). Харьков артилле­риялык окуу жайын (1945), Ташкент жалпы ас­кердик окуу жайын (1964) бүткөн. 1942-жылы ок-

тябрдан Советтик Армияда. Улуу Ата Мекендик согушта 685- аткычтар полкунда (193-ат­кычтар дивизиясы, 65-ар­мия, Борбордук фронт) бөлүмдүн командири болуп кызмат өтөйт. Ал Днепрден өтүүдө ж-а анын батыш жээгинде­ги плацдармды ээлөөдө зор эрдик көрсөткөн. Согуштан кийин Кыргызстандагы райондук аскер комиссариаттарында жетекчилик кыз­маттарда иштеген. Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.

Ад.: Ташмамат – Днепрдин баатыры // Санников В., Семенков В. Родинанын даңкы үчүн. Ф., 1970.