ЖУМАБАЕВ Шайбек

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 23 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ЖУМАБАЕВ 8 to ЖУМАБАЕВ Шайбек) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАБАЕВ Шайбек Гиязович [20. 8. 1949-жылы туулган, Ош (азыркы Баткен) облусу, Лейлек району, Та­гай кыштагы] – генерал-майор (2005). 1973-жылы Во­ронеж мамлекеттик университетин бүткөн. 1967–68-жылдарда Ош шаарында Кыргызстандын 40 жыл­дыгы атындагы мектепте муга­лим, 1973–74-жылдарда Ош айыл чарба тех­никумунда комсомол комитети­нин секретары, 1974–91-жылдарда Кыргыз ССР мамлекеттик коопсуз­дук комитетинин Ош облусу боюнча башкармалыгында бөлүмдүн оперуполномочени, улук оперуполномочени, началь­ниги, 1991–96-жылдарда Жалал-Абад облусу боюнча топтун улук

оперуполномочени, бөлүмдүн начальниги, 1996– 97-жылдарда КРдин улуттук коопсуздук министрли­гинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгында начальниктин орун басары, 1998–2002-жылдарда КРдин улуттук коопсуздук министрлинде башкарма­лыктын начальнигинин орун басары, началь­ниги, 2002-жылы КРдин мамлекеттик бажы инспекция­сында кадрлар башкармалыгынын начальниги, 2002–03-жылдарда КРдин финансы министрлигинин алдында киреше боюнча комитетинде кадрлар башкар­малыгынын начальниги, 2003–05-жылдарда Ысык-Көл, Манас, Жалал-Абад бажыканаларынын началь­ниги, 2005–06-жылдарда КРдин улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Медалдар м-н сыйланган.