ЖУМАГУЛОВ Алымкул
ЖУМАГУЛОВ Алымкул (1893, азыркы Чүй облусу, Панфилов району, Кум-Арык айылы – 1937, ?) – партиялык ж-а мамлекеттик ишмер. Чалдыбар орустузем мектебин, Олуя-Ата шаарындагы жогорку башталгыч окуу жайын бүтүргөн. 1915–17-жылдарда Олуя-Ата уездинин начальнигине тилмеч ж-а катчы болуп иштеген. 1917-жылы Олуя-Ата уезддик-шаардык депутаттар советинин аткомуна, солчул эсерлер партиясына, 1919-жылы большевиктер фракциясына мүчө болгон. Т. Рыскулов, Б. Кашкынбаев ж. б. м-н бирге Советтердин бүткүл өлкөлүк 8-съездине делегаттыкка шайланган (1919). 1918–24-жылдарда Олуя-Ата, Пишпек уезддик жер бөлүмүнүн башчысы, жер реформасы боюнча «өзгөчө тройканын» төрагасы, Олуя-Ата уезддик аткомдун төрагасынын орун басары, 1924-жылы Кокон шаарындагы Түркстан КП Фергана облустук комитетинин чарба бөлүмүндө, Ташкенттеги Бүткүл Россиялык кооперациялык банкта инструктор болуп иштеп, Ж. Абдрахманов, М. Каменский, Р. Кудайкуловдор м-н биргелешип, Кыргызстандагы алгачкы айыл чарба кооперативдерин уюштурган. 1924–26-жылдарда Кыргыз автономиялуу облусунун дыйканчылык башкармалыгынын начальниги, начальниктин жардамчысы, 1927–37-жылдарда Жалал-Абад кантондук, Ош округдук, Талас райондук жер бөлүмүнүн башчысы, Кызыл-Кыя шаардык пахта өндүрүү кооперативинин башчысы, Кыргызпахтасоюздун төрагасынын орун басары, Мирзоян райондук аткомунун иш башкаруучусу болуп иштеген. 1937-жылы Социал-Туран партиясынын активдүү мүчөсү деген жалаа м-н камакка алынып, атууга өкүм кылынган. 1957-жылы Кыргыз ССРинин Фрунзе облустук соту тарабынан толук акталган. Ысымы Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүндөгү Кара- Ой орто мектебине ж-а бир көчөгө ыйгарылган.
С. Тоялиев.