ГАБЕН Жан

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:47, 24 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page ГАБЕН to ГАБЕН Жан) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАБЕ́Н Жан (өз аты-жөнү – Жан Алекси Монкорже) (17. 5. 1904, Мериэль, Париж –15. 11. 1976, Нёйисюр-Сен) – француз киноактёру, ырчы, сценарист, музыкант. «Ардак легиону» сыйлыгы менен сыйланган (1960). 1923-жылдан эстрада бийчиси, оперетта ырчысы, киного 1931-жылдан тартылган. Тасмаларда жөнөкөй жумушчулардын, коомдон куугунтук жегендердин, жайдары мүнөз, кайраттуу каармандардын ролдорун аткарган, ошондой эле турмушка акылмандык, сабырдуулук менен караган, тажрыйбалуу, жөнөкөй адамдардын образдарын түзгөн. Белгилүү ролдору: машинист Раймон («Менин дүйнөм – түн», 1951), банкир Ноэль Шудлер («Бул дүйнөнүн даркандары», 1958), жумушчу Неве («Прери көчөсү», 1959), фермер Огюст («Героин», 1970). «Париж аркылуу» (1956), «Архимед селсаяк» (1959), «Мышык» (1971), «Доминичинин иши» (1973) тасмаларында Габе актёрдук чеберчилигин көрсөткөн. Франциянын улуттук сыйлыктарына, эл аралык кинофестивалдардын байгелерине ээ болгон.