ГАВЕЛ Вацлав

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:52, 24 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page ГАВЕЛ to ГАВЕЛ Вацлав) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГА́ВЕЛ Вацлав (5.10.1936, Чехия, Прага – 18.12.2011, Чехия, Краповеградецкий край, Трутнов району, Градечек) – чех мамлекеттик ж-а саясий ишмери; драматург. 1968-жылы «Прага жазы» мезгилинде «Көз каранды эмес жазуучулар клубунун» төрагасы, кийинчерээк өлкөдөгү укук коргоо кыймылынын жетекчилеринин бири, Хартия-77 укук коргоо уюмунун негиздөөчүсү. Мындай аракети үчүн бир нече жолу түрмөгө камалып, Чехословакияда анын чыгармачылыгына тыюу салынган. 1989-жылдан «Граждандык форум» кыймылынын лидери. 1989-жылы революциядан кийин Чехословакиянын президенти болуп шайланган (1989–1992). Чехословакия бөлүнгөндөн кийин 1993-жылдан Чехиянын президенти (1997-жылы кайра шайланган). «Аудиенция» (1975), «Ассонанс» (1987) жана башка чыгармалардын автору.