ГАВОТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:53, 24 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАВО́Т (французча gavotte – гавоттор бийи) – француздардын эски бийи. Алгач элдик хоровод болгон. XVII–XVIII кылымдарда Батыш Европадагы кеӊири тараган белгилүү бийге айланган. Гавотту XVIII кылымда композитор Люлли балетке, операга пайдаланган. Гавоттун сахналык классикалык музыкалык үлгүсүн Рано менен Глюк жараткан. XVIII кылымда Бах, Гендель бий сюитасын, орус музыкасында гавот үлгүсүн Чайковский, Глазунов, Прокофьев жазган.