ГАЗ РАЗРЯДДУУ ЖАРЫК БУЛАГЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:02, 24 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЗ РАЗРЯДДУУ ЖАРЫК БУЛАГЫ – буу абалындагы газ жана башка заттар (мисалы, сымап же галогендер) аркылуу электр тогу өткөндө электр энергиясын оптикалык нурланууга айлантуучу прибор. Ал айнектен, керамикадан же металлдан (тунук терезелүү), ичине электрод киргизилип, цилиндр, сфера же башка формада жасалат. Газ разряддуу жарык булагына люминесценттик чырак, сымап чырагы, газ разрядуу ксенон чырагы, импульстук чырактар жана башкалар кирет. Булар жарык булагы катары кинопроекцияда, нурландыруучу курулмада, жарык сигнал бергичтерде жана башкаларда колдонулат.