ГАЛЕНИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:14, 24 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАЛЕНИ́Т (латынча galena – коргошун кенташы), к о р г о ш у н ж а л т ы р а г ы – коргошун сульфиди, минерал. Химиялык формуласы – PbS. Куб сингониясында кристаллданат. Өӊү боз, металлдай жаркырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2–3; тыгыздыгы 7,4–7,6 г/см3. Гидротерм жана метасоматоз жолу менен пайда болот. Галенит – коргошун алынуучу негизги кенташ.