ГАНЧ
ГАНЧ (түркчө гипс) – курамында топурак жана гипс аралаш, майдаланган таш сымал тоо текти бышыруу менен алынган ак, илээшкек материалдын аталышы. Ганчтын суу кошулган эритиндиси тез формага келет жана тез катат; сууланган ганчты кесип алуу жеӊил жана ыӊгайлуу. Илгертеден эле шыбоо үчүн материал катары колдонулат. Оймолоп-чиймеленген кооз буюмдар алынат, айкел жасалат.



