ГАРМОНЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:27, 24 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАРМО́НЬ (гармоника, гармония) – үйлөмө музыкалык аспап. Биринчи кол гармонун немис устасы К. Ф. Л. Бушман (1822) жасаган. XIX кылымдын 30–40-жылдарында Россияда орус усталары Т. П. Воронцов, И. Е. Сизов, Л. А. Чулков, Н. И. Белобородов жана башка орус элдик музыкалык өнөрүндө көп колдонулуучу өзгөчө аспап жасашкан. Гармондун типтүү конструкциялары – тулалык, саратовдук, вяткалык (тальянка), ливендик, черепашка, веналык эки катарлуу, хромка жана башкалар; гармондун өркүндөтүлгөнү – баян, аккордеон.

Гармонь