ГЕОМЕТРИЯЛЫК СТИЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:58, 24 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕОМЕТРИЯЛЫК СТИЛЬ – байыркы грек вазописинин (карапа чийүүсүнүн) өнүгүүсүндөгү алгачкы стадия. Геометриялык стилдеги эстеликтер биздин заманга чейинки 2- миӊ жылдыктан VIII кылымга чейинки мезгилге таандык. Бул стилдеги жасалга өз ичине геометриялык орнаментти камтыган, ал эми кийин адамдардын жана айбанаттардын өтө схемалаштырылган сүрөттөрү тартылган горизонталдык тилкелерден турган.

Эмаль менен тартылган кумура. Богемия, 1637.

Кеӊири мааниде, термин ошол эле мезгилдин башка бир типтеги эстеликтерин (мисалы, сыйынуу үчүн кызмат кылган майда айкелди) атап көрсөтүү үчүн колдонулган.