ГЕРМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:27, 24 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕ́РМА – 1) антикалык көркөм сүрөт искусство дүйнөсүндө – байыркы грек кудайы Герместин көкүрөгүнөн өйдө скульптуралык элеси түшүрүлгөн жана төмөн жагы түз же куушурулган төрт бурч түркүк. Байыркы Грекияда мындай айкелдик элестер жолдордун кесилишине орнотулган; 2)айкелдик портрет жана портреттик эстелик формаларынын бири. Бул формага элестин ийиндерин кынтыксыз тике кесүү жана анын призма түрүндөгү постамент менен биригип кетиши мүнөздүү.

Герместин гермасы. Санкт-Петербург, Мамлекеттик Эрмитаж.