ЖУМАГУЛОВ Олжобай

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:49, 24 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ЖУМАГУЛОВ 4 to ЖУМАГУЛОВ Олжобай) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАГУЛОВ Олжобай Жумакадырович (20. 6. 1954-жылы туулган, Фрунзе) – медицина илимдеринин доктору (1996), профессор (2000). КММИни (1978), ошол эле жерде аспирантураны (1986), докторантураны (1993) бүтүргөн. Ленинградда көз микрохирур­гиясы боюнча клиникалык ординатурада окуган (1978–80). 1997-жылдан КММАда көз оорулары кафедрасынын башчысы. Көз микрохирургия­сы, социалдык офтальмология, лазердик көз хи­рургиясы боюнча адис. 80ден ашык илимий эмгеги, анын ичинде 3 ойлоп табуусу бар. Бүткүл дүйнөлүк интелек­туалдык менчик уюмунун алтын медалы м-н сыйланган (2008, Женева).

Эмг.: Контузия глаз. Ф., 1989; Амбулаторная микрохирургия вторичной катаракты. Б., 1992; Организация неотложной офтальмологической помощи в отдаленных районах Кыргызстана. Б., 1992.