ГИДРОТЕХНИКАЛЫК БЕТОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:36, 24 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОТЕХНИКАЛЫК БЕТО́Н – дайыма сууда турган же мезгил-мезгили менен суу каптап туруучу курулуштарды жана алардын кээ бир бөлүктөрүн курууда колдонулуучу бетон; оор бетондун бир түрү. Гидротехникалык бетон суунун агрессивдүү аракетине каршы туруктуулугу, суу өткөрбөстүгү, суукка чыдамдуулугу, катууланууда жылуулукту аз бөлүп чыгарышы менен мүнөздөлөт. Гидротехникалык бетондун сапаты ар кандай кошулмаларды кошуу менен жогорулатылат. Гидротехникалык бетонду даярдоо үчүн портландцемент жана анын түрлөрү, толтургучтар катарында кум, шагыл, көлөмү 150 ммге чейин жана андан чоӊураак таштар пайдаланылат.