ГИПОСТИЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:53, 24 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИПОСТИ́ЛЬ (грекче hypjstykos – түркүктөр менен карматылган) – Байыркы Чыгыш (Египет, Иран) архитектурасындагы көп түркүктүү зал (гипостилдик зал). Эӊ ири жана белгилүү гипостиль Карнактагы (Египет) Амон-Pа кудайынын храмында сакталып калган (биздин заманга чейинки XII–XIV кылымдар). 134 кубаттуу таш түркүктөрүнүн боёлгон, тереӊдетилген рельефтери бар.

Карнактагы гипостиль залынан көрүнүш. Египет.