ГЛАДИАТОРЛОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛАДИАТОРЛОР (латынча gladiator, gladius – кылыч деген сөздөн) – Байыркы Римдеги амфитеатрлардын ареналарында жекеме-жеке же жырткычтар менен куралчан кармашуу үчүн атайын машыктырылган кулдар, согуш туткундары, кылмышкерлер жана башка адамдар.

Гладиаторлор катаал режимдеги мектептерде машыктырылган (мисалы, биздин заманга чейинки 74–71-жылдардагы кулдар көтөрүлүшүнүн башчысы Спартак машыккан Римдеги, Капуадагы мектептер). Гладиаторлордун кармашуулары карапайым калктын (плебс) «нан жана оюн-зоокко» болгон таламдарын канааттандыруу үчүн атайын өткөрүлүп турган. Мындай оюн-зооктор V кылымдын башынан тартып токтотулган.