ГОРЕЛЬЕФ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:52, 24 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОРЕЛЬЕ́Ф (французча haut-rtlief – бийик рельеф) – айкел өнөрүнүн бир түрү. Горельефте түшүрүлгөн фигуралар жана предметтер тегиздиктен жарымы же толук көлөмүндө чыгып турат, көп учурда алар жалпы фонго тийип же деталдарында андан толугу менен бөлүнүп калат.

А. Н. Каменский. Бишкектин Түштүк дарбазасындагы көп
кабат үйдүн дубалындагы горельеф. 1979.
Талас облусу, суу сактагычтын дамбасындагы горельеф..1975–1983-жылдар.

Орус колдонмо көркөм искусствосунда бул түрдө аткарылган иштер коргонуу деп аталган. Монумент-жасалга горельефи архитектурада көп колдонулат, к. Барельеф.

Кыргызстандын картасы, көлөкөлүү рельеф.
Горельеф, Кыргызстан, Боом капчыгайында тургузулган 1916-жылдагы үркүн курмандыктарын эскерүү Мемориалы.
Профсоюздар имаратындагы мозаика менен жасалган горельеф– А. Е. Тихомиров, 1988-жыл. Россия, Благовещенск