ЖУМАНАЛИЕВ Тынчболот
ЖУМАНАЛИЕВ Тынчболот (14. 7. 1955-жылы туулган, Бишкек) – тарых илимдеринин доктору (2005). 1982-жылы КМУнун тарых факультетин бүтүргөн соң, ошол эле окуу жайында окутуучу, 1991–97-жылдарда БГУда окутуучу, 1997–99-жылдарда КУУда «Кыргызстандын тарыхы» кафедрасынын башчысы, 1999-жылдан чыгыш таануу факультетинин деканы. Кыргызстандын байыркы ж-а орто кылымдагы тарыхынын маселелерин изилдөөгө арналган 50дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 7 монография) автору.Эмг.: Хрестоматия по средневековой истории Кыргызстана (XIII–XVIII). Б., 1996; Политическая история Кыргызстана (авторлош). Б., 2001; Политическая борьба в могульском государстве в XVII в. Б., 2004; Эволюция политической истории кочевников Притяньшаня с древности и до конца XVII в. Б., 2007; История народов Центральной Азии с древности до настоящего времени (авторлош). Алматы, 2007.