ЖУМАШОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:28, 24 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМАШОВ Жолон [1943, Талас облусу, Ленин­поль (азыркы Бакай-Ата) району, Покровка айы­лы – 29. 1. 2000, Боо-Терек айылы] – генерал­-майор (1998). Ташкент жогорку аскердик коман­далык окуу жайын (1965), Москвадагы М. В. Фрунзе атындагы аскер академиясын (1981) бүтүргөн. 1965–69-жылдарда Закавказье аскер округунда, 1976–77-жылдарда Кыргыз ССР Ку­ралдуу Күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүндө кызмат өтө­гөн. 1978–89-жылдарда Фрунзе шаарындагы Ленин райондук аскер комиссариатында 1-бөлүм­чөсүнүн башчысы – аскер

комиссарынын орун басары, 1989–90-жылдарда Кыр­гыз ССР ИАнын бийик тоо физиологиясы ж-а эксперименттик патология институтунун директо­рунун жалпы маселелер боюнча орун басары, 1990– 94-жылдарда Кыргыз тамак-аш өнөр жайында чарбалык бө­лүмдүн башчысы, 1994–99-жылдарда КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн аткычтар, мотоаткычтар бөлүгүндө взвод, рота командири, батальондун команди­ринин орун басары, Ош облустук аскер гарнизону­нун башчысы, 1999–2000-жылдарда Ош облусунун аскер ко­миссары болуп иштеген. Медалдар м-н сый­ланган.