ГРИЗАЙЛЬ
ГРИЗА́ЙЛЬ (французча grisaille, gris – боз) – 1) адатта жасалгалык багыттагы, боз түстөгү монохромдук живопись. Дубалда оймолоп жазуу же панно түрүндөгү гризайль көбүнчө тегиздик рельефти элестетет. Станок живописинде гризайль техникасы кошумча иштерде: эскизде же нерсеге бир аз түс берүүдө колдонулат. Мындай учурда живописчилер ар кандай түстөгү бир түрдүү живописти гризайль деп аташат; 2) Кайра жаралуу доорунда Франциянын Лимож шаарындагы оймолоп жазылган эмалдар.


