ГРИФЕЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:58, 24 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРИ́ФЕЛЬ (немисче griffel) – сүрөт тартканга ыӊгайлуу, грифель сланецинин жумшак түрлөрүнөн даярдалган таякча (ташкалем). Көмүр жана топурак боёктору менен бирдикте грифель көркөм искусстводо эӊ байыркы материалы катары кызмат кылган. Ал грифель менен аспид сланецинен жасалган такталарга жазышкан. Карандаштын жазуучу өзөгү да грифель деп аталат.

Түстүү грифель.
Механикалык грифель.
Грифелдин түрлөрү.
Механикалык грифелдин түстөрү.