ГИГРОСКОПТУУЛУК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИГРОСКОПТУУЛУК (гигро... ж-а гр. skopto – байкаймын) – материалдын абадан нымды сиӊирип алуу касиети. Г. касиетке сууда нымдалуучу, ичке капиллярында ным конденсациялоочу капиллярдык майда тешикчелүү материалдар (мис., жыгачтар), о. эле сууда жакшы эрүүчү (туз, кант, концент. күкүрт к-тасы), айрыкча өзү м-н кристаллгидраттарды пайда кылуучу заттар ээ болушат. Зат сиӊирген нымдын саны (гигроскоптуу нымдуулук) абанын нымдуулугу көбөйгөн сайын чоӊоёт ж-а салыштырма нымдуулук 100% болгондо, эӊ жогорку мааниге жетет. Кээ бир гигроскоптуу заттар (мис., концент. күкүрт к-тасы) абаны кургатууда пайдаланылат.