ГУДРОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:45, 24 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУДРО́Н (французча goudron) – 1) майлуу же калдыктуу Гудрон – нефтиден бензин, керосин жана негизги май фракцияларын алгандан кийин калган кара илээшкек чайыр масса. Тыгыздыгы 950–1000 кг/м3. Гудрон жол курулушунда колдонулуучу, чатыр жабуучу жана изоляция материалдарын жасоо үчүн битум алынуучу сырьё болуп эсептелет. Май фракциясы толук эмес бөлүнгөн калдык жарым гудрон деп аталат. 2) Кычкыл гудрон – нефть продуктуларынын (мисалы, майлоочу майлар) концентрациясы, туз кислотасы менен тазалагандан кийинки калдык.

Чайырлуу зат.
Гудрон
Суюк гудрон.