ГУТА АЙНЕГИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:57, 24 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУ́ТА АЙНЕГИ (немисче hutte – айнек үйлөөчү устакана) – формасыз, эркин үйлөө жолу менен алынган көркөм айнектин бир түрү жана андан жасалган буюмдар. Биздин заманга чейинки I кылымда ойлонуп табылган айнек үйлөөчү түтүк жөнөкөй (үй идиштери) жана

Түстүү айнекке түшүрүлгөн сыр боёктуу идиштер. Богемия, 1830–1840.

татаал формада, капталдары жука, кээде чоӊ көлөмдөгү (эллиндик жана байыркы рим айнеги) идиштерди жасоого мүмкүнчүлүк берген. Гута буюмдары айнекке кошуп эритилген чапталуучу пластикалык деталдар менен жасалгаланган. Эркин үйлөө ыкмалары устаны эӊ кылдат (виртуоздук) чеберчиликке үйрөткөн. Кайра жаралуу доорундагы венециялык айнек үйлөгүчтөрдүн чыгармалары өзгөчө айырмаланат. Жогорку сапаттагы гута айнеги Россияда XVIII–XIX кылымдарда көпөстөрдүн чакан заводунда чыгарылган. Кыргызстанда Токмок шаарындагы айнек заводунда айнектин жана айнек буюмдарынын түрлөрү жасалат.

Гута айнегинен ийилген идиш, 1970–1980.
Гута айнегинен таш бака.