ГҮЛЗАР
ГҮЛЗАР – гүлдүү, шиберлүү жер аянтчасы. Мында өсүмдүктүн биологиялык өзгөчөлүгү, кооздугу эске алынат. Шиберлүү гүлзарга көбүнчө тулаӊ, көдөө, тарак баш сыяктуу чөптөр эгилип, жайкалта кыркылып турулат. Гүлдүү гүлзарда бир жана көп жылдык гүлдүү өсүмдүктөр (байчечекей, жоогазын, атыр гүл жана башкалар) өстүрүлөт. Бак, парк, жол жээгин, имарат алдын көркөмдөөдө колдонулат.


