ГҮЛ ТҮШҮРҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:07, 24 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГҮЛ ТҮШҮРҮҮ – боёк менен гүл түшүрүлгөн кездеме. Ал оймо же терме тактада басылат. Элдик көркөм искусствосунун эӊ байыркы түрлөрүнүн бири болгон. Гүл түшүрүү Чыгыш жана Европа өлкөлөрүндө орто кылымда кеӊири тараган. Орус гүл түшүрүүсү өткөн мезгилдин элдик көркөм искусствосунда көрүнүктүү орунду ээлеген. Ал тактага салынган кездемени балка менен «ургулоо» техникасы аркылуу даярдалган. Такталардын саны «манер» же «гүл» оймодогу боёктордун санына дал келген.

Балка менен «ургулоо» техникасы.