ЖУМГАЛ ӨРӨӨНҮ
ЖУМГАЛ ӨРӨӨНҮ Ички Теңир-Тоодо, Жумгал кырка тоосу м-н Түндүк Кабак ж-а Соң-Көл тоолорунун аралыгында жайгашкан. Кызарттын белинен Көкөмерен суусуна чейин 80 км аралыкта созулуп жатат. Туурасы 30 км, таманы деңиз деңг.ээлинен

1500–2600 м бийикте; батышты карай
өрөөн жапыздайт да (1485 мге чейин) таманы кеңейип, Кайырма кыштагына жакын 25 кмге жетет. Чаектен батышты карай өрөөн кайра кууштай баштайт (10 кмге чейин). Тоо этегиндеги түзөңдөрдүн туурасы 4–8 км келип, Жумгал суусун карай эңкейиштеп (5–7°), суу боюндагы тектирлерге өтөт. Жумгал өрөөнүндө палеоген, неоген ж-а төртүнчүлүк мезгилдеринде пайда болгон чөкмө тоо тектер жатат. Жумгал өрөөнүнүн тоо капталдарында таш туз, жер астындагы суу, күрөң көмүр (Кара- Кече), курулуш материалдарынын кендери бар. Климаты кескин континенттик. Жайы ысык (30–32°Сге чейин), кышы суук (–30... –35°Сге чейин). Январдын орточо температурасы –16°Сге чейин. Июлдуку 20°С. Жылдык жаан-чачыны 250–500 мм. Өрөөндүн айланасындагы тоолордо мөңгү ж-а көп жылдык кар өтө аз, ошондуктан суулары кичине. Жумгал өрөөнүнө боз шыбактуу жарым чөл, шыбактуу-бетегелүү кургак талаа, бетеге, ак кылкандуу талаа, шалбаа ж-а шалбаалуу талаа, субальп ж-а альп ландшафттары мүнөздүү. Жарым чөл өрөөндүн Көкөмеренге туташ жаткан батыш бөлүгүндө тараган (шыбак, терскен, бетеге, ч и й аралаш өсөт). Кургак талаа ж-а талаа алкактары 1700–2700 м бийиктеги тоо капталдарына, бөксөлөргө мүнөздүү. 3200–3300 мге чейин субальп, андан жогору альп шалбаасы тараган. Кара-Кече, Көлмө ж. б. сууларынын өрөөнүндө бир аз карагай токою бар. Жумгал суусунун боюнда тал, терек, чычырканак, жыгач бадалдар өсөт.
Өрөөндө мал чарба ж-а дыйканчылык өнүккөн. Күнгөй беттеринде кар туруксуз болгондуктан, кышкысын мал кыштатылат. Тескей тарабындагы шалбаа, шалбаалуу талаалар жайыт катары пайдаланылат. Дыйканчылык айрыкча Жумгал суусунун оң өйүзүндө өнүккөн. Мында буудай, арпа, жүгөрү, сулу ж-а көп жылдык тоют өсүмдүктөрү, ошондой эле жашылча-жемиш (батыш бөлүгүндө) өстүрүлөт. Айдоо аянтынын көбүн тоют өсүмдүктөрү ээлейт. Жумгал өрөөнүндө байыркы, орто кылымдагы элдүү пункттардын калдыктары (Кайырма), башка тарыхый эстеликтер бар.